Мазмунга өтүү

Доминика

Википедия долбоорунан

Доминикана шериктештиги
англ. Commonwealth of Dominica

Герб
Туу Герб
Урааны: «Après le Bondie, C'est la Ter («Кудайдан кийин эле жерди сүйөбүз»)»
Гимн: «Isle of Beauty, Isle of Splendour
(Сулуулуктун кереметүү аралы)»
Эгемендүүлүк күнү 3-ноябрь 1978-жыл

Улуу Британиядан)

Расмий тили англис тили
Борбор шаары Розо
Ири шаарлар Розо
Башкаруу формасы парламенттик республика
Президенттер
Премьер-министр
Сильвани Бёртон
Рузвельт Скеррит
Мам. дини динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
189-орун - дүйнөдө
751 км²
1,6
Калкы
• Бааланган (2021)
Жыштыгы

72 412 адам (186-орун)
105 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы (2018)
  • Ар бир жанга

688 млн $ (190-орун)
9726 $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

485 млн $ (87-орун)
7860 $
АДӨИ ( 2019) 0,724 (жогору) (98-орун)
Акча бирдиги Чыгыш Кариб доллары (XCD, коду 951)
Домени .dm
ISO коду DM
ЭОК коду DMA
Телефон коду +1-767
Убакыт аралыгы UTC −04:00

Доминика (исп. Dominica), Доминика Ынтымактыгы (англ. The Commonwealth of Dominica) – Вест-Индиядагы өлкө, Кариб деңизиндеги Кичи Антиль архипелагындагы Доминика аралын ээлейт. Аянты 750 км2. Калкы 69 миң (2005). Борбору – Розо шаары административдик-аймактык жактан 10 округга бөлүнөт.

Биздин заманга чейин. 4-миң жылдыкта эле Доминика аралын индей уруулары – аравакилер жердешкен. 14-кылымда аларды согушчан кариби уруулары сүрүп чыгарган. 1493-ж. 3-ноябрда арал Х. Колумб тарабынан ачылып, ачылган күндүн урматына Доминика деп аталган (лат. dominical – жекшемби). 1632-ж. мында алгач француздар, англичандар келген. 1763-жылдан арал Улуу Британиянын колониясына айландырылган. 1834-ж. колонияда кулчулук жоюлган. 1958–62-ж. Доминика Вест-Инд федерациясынын курамында келген. 1967-ж. Д. Шериктештиктин курамына кирген. 1978-ж. Доминика көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланган. 1980-ж. шайлоодо Доминиканын эркиндик партиясы жеңишке жетишип, анын лидери Юджиния Чарлз Кариб өлкөлөрүнүн арасындагы аялдардан чыккан алгачкы премьер-министр болуп шайланган. 1995-ж. Доминиканын бириккен жумушчулар партиясы шайлоодо жеңип чыгып, Э. Жеймс өлкөнүн өкмөтүн жетектеп калган. 2004-жылдан премьер-министри – Р. Скеррит.

Доминика аралы жанартоодон пайда болгон. Жеринин бети тоолуу, эң бийик жери 1586 м (Дьяблотен жанартоосу). Климаты тропиктик пассаттык, нымдуу, жылдык жаан-чачыны 2000 мм. Жайында жана күзүндө тропиктик катуу шамал (ураган) болуп, чарбага көп зыян тартырат. Кууш, пляждуу түзөң жээгинин айрым жерлеринде тоо жээкке тик түшүп, клифттерди пайда кылат. Айлык орточо температурасы 25–27°С. Тоо капталдарын нымдуу тропик токою, жээктерин цитрус өсүмдүктөрүнүн плантациялары ээлейт. Тоолордон токой аралап агып түшкөн суулары босого-шаркыратмаларга бай; эң кооз Трафальгар шаркыратмасы Розо шаарынан 8 км аралыкта жайгашкан. Ысык булактар көп.

Мамлекеттик түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Доминика – унитардык мамлекет ,Шериктештиктин курамына кирет. Конституциясы 1978-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент (5 жылга парламент тарабынан шайланат. 2003-жылдан Н. Ливерпуль). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Чогулуштар палатасы). Аткаруу бийлигин өкмөт жүзөгө ашырат, премьер-министр болуп парламентте көпчүлүктү түзгөн партиянын лидери президент тарабынан дайындалат. Саясий партиялары: Доминика эркиндик партиясы, Доминика лейбористтик партиясы, Доминика жумушчулар бириккен партиясы.

Калкынын курактык курамы: 15 жашка чейинкилери – 29%, 15–65 жаштагылары – 63%, 65 жаштан ашкандары – 8%. 1000 кишинин ичинен туулганы 18,27, өлүмү 7,3. Жалпысынан өлкөнүн калкы азаюуда: 2000-ж. 75,1 миң калкы болсо, 2005-ж. 69 миңге чейин азайган. Негизинен доминикалыктар: негрлер 80%, мулаттар 10%ке жакын. Расмий тили – англис тили; ошондой эле жергиликтүү креол тилинде да сүйлөшөт. Калкынын басымдуу бөлүгү католик динин тутат. Акча бирдиги – чыгыш кариб доллары. Доминика БУУнун (1978), Америка өлкөлөрү уюмунун (1979), Кариб биримдигинин, Чыгыш Кариб өлкөлөрү уюмунун мүчөсү; Бейтарап өлкөлөр кыймылына кирет.

Доминика – агрардык өлкө. Өлкөнүн ИДПси – 257 млн АКШ доллары (2004). Экономикасынын негизин айыл чарба жана туризм түзөт. Негизинен банан (айыл чарба продукциясынын 95%), цитрус өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Айыл жана токой чарбаларында, балык уулоодо экономикалык активдүү калктын 40%тейи иштейт. Өнөр жайынын негизин айыл чарба сырьёсун иштетүүчү чакан ишканалар түзөт. Пемза, акиташ тектери казылып алынып, иштетилет. Чет элдик туризм өнүгүүдө; анда экономикалык активдүү калктын 20% иштейт. Өлкө сырткы экономикалык жардамга өтө күнкор.

Экспортко (2003, 39 млн АКШ доллары) банан (75%), лимон ширеси, копра ром, пемза жана башка чыгарып, сырттан өнөр жай жабдууларын жана товарларын, транспорт каражаттарын, азык-түлүк алат (импорттун көлөмү 38 млн АКШ долларына барабар). Негизги соода шериктери: Улуу Британия, АКШ, Канада, Кариб биримдигине кирген өлкөлөр. Автомобиль жолунун узундугу 780 км. Эки аэропорту жана 2 деңиз порту бар.

Калкынын сабаттуулук деңгээли – 95%тей. Педагогикалык институт бар. Эң негизги «Кроника» гезити жума сайын чыгат; америкалык телеканалдарды көрсөтүүчү жеке менчик телекомпаниялар, 6 радиостанция иштейт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1